KELECHEK
rek

Жалал-Абаддык спортчулар Азия чемпионатына жолдомо алышты

Жалал-Абаддык спортчулар Азия чемпионатына жолдомо алышты

Жалал-Абад шаарында республикалык чемпионаттарды жеңип, Азия чемпионаттарына катышууга грек-рим күрөшү боюнча шаар спортсмендери жолдомо алышты. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адылбек Бакиров билдирди.

Анын айтымында, грек-рим күрөшү боюнча Бакиров Эрбол, Шералы уулу Темирлан 7-июлдан 10-июлга чейин Тайчунг шаарында өтүүчү өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатына катышат. Андан сырткары, Франция мамлекетинин Манго шаарында 27-августтан 2-сентябрга чейин боло турган дүйнө чемпионатына Сулайманов Калыбек катышууга жолдомо алып, даярдыктарды көрүүдө.

“5-июлдан 17-июлга чейин Саха мамлекетинин Якутск шаарында спорттун эркин күрөш түрү боюнча Эл аралык “Дети Азии” оюндарына Рахат уулу Нурсултан катталып, катышууга жолдомо алды. Жалал-Абад шаарында спорттун бокс, грек-рим күрөш, жеңил атлетика, алыш күрөшү, каратэ-до, кикбокс, самбо түрлөрү өнүккөн, -дейт А. Бакиров.

Жалал-Абад шаарында жалпысынан мамлекеттик 2 стадион, 3 балдар, өспүрүмдөр спорт мектеби жана жогорку орто окуу жайларынын 18 типтүү спорт залдары, 26 спорт аянтчалары, жеке менчик 16 кичи фудбол талаасы, заманбап үч спорт залы жайгашып, шаар жарандарын дени сак сергек жашоого үндөп, дене тарбия жана спорт менен машыгуу иштерин алып барат. Шаардагы мамлекеттик спорт мектептерде спорттун түрлөрү боюнча 46 машыктыруучу эки миңге жакын жаш өспүрүмдөрдү спорттун 11 түрү боюнча машыктырып келет.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20