KELECHEK
rek

Прокурор экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга эркинен ажыратууну суранды

Прокурор экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга эркинен ажыратууну суранды

3-апрелде Алматынын райондор аралык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун иши боюнча тараптардын жарыш сөзү башталды.

Анын жүрүшүндө прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчиликке күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Өз кезегинде адвокат Аскар Баймуратов айыптоолорду «жасалма, ойдон чыгарылган» деп атады.

Бул иш боюнча соттук жараян былтыр 19-октябрда башталган. Анда Асылбек уулунан тышкары дагы 11 адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Аларга карата «экономикалык аткезчилик» жана «трансулуттук уюшкан топко» тиешеси бар деген айыптар тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча айыпталуучулар Кытайдан мыйзамсыз түрдө Казакстан менен Орусияга товарларды ташып келишкен.

Прокурор бул топтун лидери делинген Есбол Жапбасовду мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратуунун сурады. Калган айыпталуучулар үчүн жети жылдан 12 жылга чейинки жаза мөөнөтүн өтүндү.

Былтыр февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны экенин, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан. Апрелде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулу депутаттык мандатынан ажыраткан.

Декабрда экс-депутат казак жарандыгынан ажыратылган. Асылбек уулу өзү сот башталган күнү Кыргызстандын жараны экенин айтып, аны Кыргызстанда соттоону өтүнгөн.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53