KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүнө нааразычылык билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүнө нааразычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 3-апрелде КР Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоевди, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди жана КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды.

Өлкөдөгү санариптик трансформация боюнча чаралар жана милдеттер, ошондой эле 2018-жылдын 14-декабрында өткөн өлкөнү санариптик өнүктүрүү боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынынын чечимдерин аткаруунун жүрүшү талкууланды.

Бакыт Шаршембиев жана Нурия Кутнаева маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жаатында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып беришти.

Учурда 47 мамлекеттик орган (59 маалымат базасы) «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына кошулган, 16 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу камсыз кылынды.

Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү негизги, артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

“Санариптештирүү өлкө турмушунун бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде биздин жарандардын жашоосун жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, маалымкат алуу жана мамлекеттик органдардын ортосундагы документ жүгүртүү процесстерине чейин жашоо-турмуштун бардык чөйрөсүн камтыйт. Бул үчүн мамлекеттик органдар процесстердин баарын кайра карап чыгып, ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду жоюп, регламенттерди жөнөкөйлөштүрүүсү керек”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өлкөнү санариптештирүүдөгү милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүнө нааразычылык билдирип, кыска мөөнөттө активдүү өнүгүүгө жана өлкөнүн бардык жашоо-турмушуна санариптештирүүнүн киришине тоскоол болуп жаткан кемчиликтерди жоюуну тапшырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12