Тажикстанда улгайган аялдын өмүрүн коркунучка кептеген тартип сакчыларын жазалоону сурашууда
Истад Курбонова
Тажикстанда Кыйноолорго каршы жарандык коалициясы Башкы прокуратурадан 68 жаштагы аялдын өмүрүн коркунучка кептеген милиция кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну сурады.
Жер тилкесин басып алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен кармалган Истад Курбонова 12-январда тергөө абагында өзүнө өрт коюп, жанын кыюуга аракет кылган.
«Милиция кызматкерлери Курбанова өзүн өрттөөгө аракет жасагандан кийин аны ооруканага эмес Истаравшан шаарындагы тергөө абагына алып барышкан. Бирок ал жакта аялдын абалы начар экенин айтышып, кабыл алышкан эмес. Милиция кызматкерлери Айниге кечинде гана келип, аялды жергиликтүү ооруканага жаткырышкан. Бул убакыт аралыгында Курбанованын абалы начарлап кеткен», - деди коалициянын адвокаты Гүлнора Аминова.
Истад Курбонова жер тилкесин басып алып, ал жерге кампа жана мончо курганы үчүн камалган. Бирок ал аталган жер тилкесин совет мезгилинде эле мыйзамдуу түрдө алганын билдирген.
Бул окуяга байланыштуу райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери жумуштан четтетилген. Прокуратура тергөө абагынын сакчысы Шариф Мирзошарифов карата териштирүү иштерин баштаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53