KELECHEK
rek

УКМК: Паспортко бланк даярдоо боюнча тендерде Мамкаттоо өкүлдөрү мыйзам бузган

УКМК: Паспортко бланк даярдоо боюнча тендерде Мамкаттоо өкүлдөрү мыйзам бузган

Биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери өз пайдасы үчүн мыйзамдарды бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

- Натыйжада сынакка катышкан компаниялардын бири тендерди утуп алган ишкана сунуш кылган суммадан 253 млн. сомго арзан бааны сунуш кылганына карабай, «тендердик документтери шайкеш келбейт» деген шылтоо менен сынактан четтетилген. Мындан тышкары Мамкаттоонун мурдагы жана азыркы иштеп жаткан айрым жетекчилери тендерден утуп алган компаниянын өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, алардын эсебинен бир нече жолу чет өлкөгө барып келишкен.

Бул иш 2019-жылдын 22-февралында КР Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Анда өкмөткө караштуу МККнын кызматкерлери биометриялык паспорттор үчүн бланктарды сатып алуудагы конкурста мыйзам талабын бузуу фактылары аныкталган. Азыркы убакта УКМКда Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

«Азаттыктын» маалыматтары боюнча УКМК азыркы жана мурунку бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптап жатат.

Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар киши катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган. Алардын арасында Мамкаттоонун азыркы жетекчиси Алина Шаикова, анын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Айнура Туйбаева, статс-катчы Данияр Бакчиев, Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана КЛООПтун журналисти Анна Капушенко бар. Сот бул адамдардын жана алардын жакын туугандарынын үйүн тинтүүгө жана тиешелүү далилдерди алууга уруксат бергени кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53