KELECHEK
rek

АКШ Түркияга F-35 учактарынын жабдууларын жеткирүүнү токтотот

АКШ Түркияга F-35 учактарынын жабдууларын жеткирүүнү токтотот

АКШнын Коргоо министрлиги Вашингтон Түркияга F-35 үлгүсүндөгү учактар үчүн жабдууларды жеткирүүнү токтотконун билдирди. Анкара октябрда орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди сатып аларын жарыялаган. Пентагон буга каршы чыккан жана дал ушул ыкмада жооп кайтарды.

Түркия С-400 комплекстерин сатып алуу боюнча Орусия менен 2017-жылы эле келишимге кол койгон. Ошол эле учурда былтыр Анкара АКШдан Patriot комплекстерин үч жарым миллиард долларга сатып алган.

Буга чейин АКШ С-400 комплекстери НАТОго мүчө мамлекеттердин системаларына туура келбей турганын, Орусия альянстын биримдигин бузууга аракеттениши мүмкүндүгүн билдирген. Мындан тышкары Вашингтон Түркияга Patriot ракетага каршы комплексин берүү боюнча сунушун артка алышы мүмкүндүгүн маалымдаган.

АКШ менен НАТОнун өкүлдөрү Түркия Орусиянын аскер системаларына ээ болсо, Түндүк Атлантикалык Альянстын жашыруун технологиялары Москванын колуна тийип калышы ыктымал деп чочулашат.

Бирок түрк бийлиги америкалык зениттик-ракеталык комплекстер орусиялык С-400гө альтернатива боло албасын билдирген.

F-35 учактарынын запастык бөлүктөрүн жана эксплуатациялык документтерин жеткирүүнү токтотуу – Түркияга али келе элек учакты сатууну жокко чыгаруунун алгачкы кадамы болуп эсептелет. 28-мартта америкалык төрт сенатор Түркия орусиялык S-400 системасын албайт деген кепилдик болмоюнча ал өлкөгө F-35 үлгүсүндөгү учактарды сатууга тыюу салган жобону Сенаттын кароосуна киргизген.

АКШнын F-35 учактары боюнча чечими Түркия тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун ушул аптада Вашингтондо НАТО самитине катышуусун татаалдаштырат. Саммиттин алдында НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Альянс менен Орусиянын мамилеси күн тартибиндеги башкы тема болорун билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52