HRW Путинге каршы пикетке чыккан жубайлардын кылмыш ишин токтотууга чакырды
Жарандык активист Нурлан Карымшаков менен жубайы Гүлзана Имаева Орусия элчилигинин алдында пикетте. Бишкек. 27-март, 2019-жыл.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанды Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы Бишкекте нааразылык акциясына чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаевага каршы козголгон кылмыш ишин жабууга чакырды.
Кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан HRW укук коргоо уюму 29-мартта жарыяланган билдирүүсүндө кайсыл бир адамга, анын ичинде Путин сыяктуу президент же саясий ишмерге карата терс пикир айтуу, ал өлкөнүн калкына карата улут аралык кастыкты козутуу болуп эсептелбей тургандыгы белгиленген.
Активисттер Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун 27-мартта Бишкектеги орус элчилигинин астына пикетке чыгышкан. Алар колдоруна «Путин - агрессор, канкор» жана «Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турганда милиция кармап кеткен. Кийин аларга «улут аралык кастыкты козутуу» айыбы тагылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53