KELECHEK
rek

Президент Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту

Президент Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 2-апрелде, коомдук уюмдардын 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясына катышкан өкүлдөрү, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясы элдин эркиндикке умтулуусун жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүүдөгү майтарылбас эркин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга даяр экенин көрсөткөн тарыхый окуя экенин белгиледи. «Кайгылуу окуялардын учурунда курман болгондордун ысымдарын жана жаркын элестерин түбөлүккө калтыруу максатында 2020-жылы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө» тийиштүү Жарлык даярдалууда. Уюштуруу комитети түзүлүп, даярдык иштери башталат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин улуттук деңгээлде өткөрүү боюнча Жарлыктын концепциясын колдошуп, өз сунуштарын жана пикирлерин айтышты жана аны ишке ашырууда бардык жардамдарын бере турганын белгилешти. 

Ошондой эле алар бул сыяктуу окуялар Кыргызстанда экинчи кайталанбай, өлкөгө тынчтык, туруктуулук жана ынтымак керек экенин баса белгилешти.

Андан тышкары, жолугушуунун катышуучулары социалдык-экономикалык маселелерге, маданият жана спортту өнүктүрүүгө, аймактарды өнүктүрүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө, сот реформасын жүргүзүүгө, коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу каалоо-тилектерин жана өтүнүчтөрүн айтышып, Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана мамлекеттүүлүктү, элдин биримдигин бекемдөөгө багытталган саясатын ар тараптан колдой тургандыктарын баса белгилешти.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Баатырларга таазим», «Жаркын Элес», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель Баатырлар Биримдиги», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» элдик кошуундар кыймылынын өкүлдөрү, КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13