KELECHEK
rek

Каракалпакстанда кудуктан үч наристе менен алардын энесинин сөөгү табылды

Каракалпакстанда кудуктан үч наристе менен алардын энесинин сөөгү табылды

28-мартта Каракалпакстандын Хожели районунда кудуктан үч кичинекей бала менен алардын энесинин сөөгү табылды. Алар кырсыкка кабылганы же суицидге барганы белгисиз.

Трагедияга кабылган үй-бүлөнүн кошуналарынын биринин айтымында, мерт болгон балдардын эң күчүүсү сегиз айлык, ортончусу эки, улуусу үч жашта болгон.

"Үйүбүздүн жанында ачык кудук бар, тосулган эмес. Айылда суу түтүктөрү жок, буга байланыштуу жергиликтүү жашоочулар сууну кудуктан алышчу. Балдар кокустан түшүп кетишкенби же аларды өлтүрүп туруп, кудукка таштап салышканбы, белгисиз. Кечээ эртең менен алардын сөөгүн алып чыгышты. Милиция маркумдар турган үйдү курчоого алды", – деди ал.

Кырсык учурунда атасы үйдө болбогону айтылууда.

Хожели районунун ички иштер бөлүмү 32 жаштагы аял менен анын балдарынын өлүмү боюнча териштирүү иштерин баштады.

“Азаттыктын” тажик кызматынын укук коргоо органдарындагы булагы билдиргендей, маркумдардын сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн. “Анын жыйынтыгы боюнча балдардын кенжеси менен ортончусунун денесинен кыйнап думуктуруунун белгилери табылган. Ал эми балдардын улуусу менен энеси кудуктун ичинен жан берген. Бул массалык киши өлтүрүү же суицид болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Бирок бүтүм чыгарууга эрте”, – деди өз булак.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...