KELECHEK
rek

«Ак-Тилек» постунда кезекте турган автоунаалардын саны 200дөн ашты

«Ак-Тилек» постунда кезекте турган автоунаалардын саны 200дөн ашты

«Ак-Тилек - Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 200дөн ашты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева билдирди.

Айрым автоунаалар казак тараптын текшерүүсүнөн өтпөй калган, буга байланыштуу артка кайтарылган. Абдыкариева жүк ташуучу унаалардын баары кое берилбей жатат деген маалыматтарды четке какты.

«30-мартта Казакстан бир күндө 150 машинени өткөрдү. Алардын аркасынан дагы ушунча автоунаа кезекке турду. Демек, машинелерди өткөрүп жатышат. Документтери казак тараптын талаптарына жооп бергендердин автоунаалары кое берилүүдө», - деди Абдыкариева.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-мартта тарта пайда болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматы казак тарап азырынча текшерүү эмне себептен күчөтүлгөнүн түшүндүрө элек экенин кабарлады.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» бекети чоң жүк ташуучу транспорттор өтүүгө ылайыкталган жана аларды текшерүүчү рентген аппараттары менен тараза коюлган жалгыз гана пост.

Эки өлкөнүн башка өткөрмө пункттарында автоунаа каражаттарынын жана жарандардын топтолушу, узун кезеги байкалган жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13