KELECHEK
rek

Баткен согушунун ардагерлери Жеңиш Разаковду каралоого каршы

Баткен согушунун ардагерлери Жеңиш Разаковду каралоого каршы

Жениш Разаков.

Баткен согушунун ардагерлери вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду «Тажикстандын тыңчысы» деп каралоону токтотууну талап кылышууда. Бул тууралуу «Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин» төрагасы Канат Бакалов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Жеңиш Разаковду ардагерлер тескерисинче мекенине берилген адам катары таанышат.

- Биз Жеңиш Разаковду Баткен согушунан бери билебиз. Ал тескерисинче Баткендин чек арасын, бардык жерин коен жатагына чейин тааныйт, кыйынчылыктарды билет. Аларды чечүүнүн үстүндө дайыма аракеттенип жүрөт. Губернатор болуп турду, милицияда иштеди. Биз тескерисинче анын ушул кызматта турушун каалабаган күчтөр Разаковду каралап жатат деп түшүнөбүз. Анын ордуна чек араны, маселелерди жакшы билбеген бирөө келгени кимдир-бирөөлөргө жакшы болмок. Эгер Разаков тыңчы болгондо Баткендин көп эле жери Тажикстанга өтүп кетмек, - деди ал.

20-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттар «Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына тиешеси бар» деген кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу айың кептерди иликтеп жатканын билдирген.

Жеңиш Разаков өзү бул айың кептерди өзүнүн кызматтык өсүшүн көрө албагандардын чыгарган ушагы катары баалаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13