KELECHEK
rek

Украинада шайлоо алдындагы акыркы сурамжылоолордун жыйынтыктары жарыяланууда

Украинада шайлоо алдындагы акыркы сурамжылоолордун жыйынтыктары жарыяланууда

Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» сериалында жараткан ролу

Украинанын социологиялык кызматтары 31-мартта өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы акыркы сурамжылоолордун жыйынтыктарын жарыялап жатышат.

Аларга ылайык, учурда талапкерлердин арасынан куудул, актер Владимир Зеленский алдыда келатат. Аны шайлоочулардын 25-28 пайызы колдоого даяр.

Сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, экинчи орун үчүн өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенко менен оппозициялык «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко күрөш жүргүзөт. «Демократиялык демилгелер» фонду менен Киевдеги Эл аралык социология институту экинчи орунга Порошенко чыгып, Тимошенкодон бир нече пайызга көбүрөөк добуш алат деп болжолдошууда. «Рейтинг» тобунун маалыматына караганда, Порошенко менен Тимошенкону колдоого даяр жарандардын саны дээрлик бирдей — алар жалпы шайлоочулардын 17 пайызын түзөт. «Социалдык мониторинг» борборунун маалыматына ылайык, учурда Тимошенко Порошенкодон бир аз алдыда келатат.

Шайлоонун экинчи айлампасына эң көп добуш алган алдыңкы эки талапкер өтөт. Биринчи айлампада жеңишке жетүү үчүн шайлоочулардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алуу керек болот. Бирок социологдор талапкерлердин бири дагы бул көрсөткүчкө жете албайт деп эсептешүүдө.

Сурамжылоолордун көбүнүн жыйынтыктары боюнча, төртүнчү орунда Юрий Бойко келатат. Өткөн жумада ал Москвага барып, Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугуп келген. Анын бул кадамын башка талапкерлер катуу сындап чыгышкан. Өлкөнүн прокуратурасы ага чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголо турганын билдирген. Бойко менен бирге төртүнчү орун үчүн Анатолий Гриценко күрөш жүргүзүүдө. Бул эки саясатчынын тең рейтинги 10 пайыздын айланасында. Жалпысынан бюллетенде 39 талапкердин аты-жөнү жазылган.

Порошенко шайлоо өнөктүгүндө Орусиянын агрессиясына каршы турарын жана Украинанын Европа Биримдиги менен НАТОго болгон интеграциясын илгерилете турганын убада кылууда. Тимошенко дагы ушундай эле позицияда, бирок ал Порошенконун социалдык-экономикалык саясатын сындап келет. Зеленский жаш шайлоочуларга ишенип, саясатты жаңыртуу зарылдыгын айтууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24