KELECHEK
rek

Крымда ФСБ жыйырмадай крымдык татардын үйүндө тинтүү жүргүздү

Крымда ФСБ жыйырмадай крымдык татардын үйүндө тинтүү жүргүздү

Обыски в домах крымских татар

Орусия тарабынан аннексияланган Крымда ФСБ, ИИМ жана Росгвардия кызматкерлери бир катар крымдык татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүштү. Бул Орусияда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний уюмунун катышы бар деп шектелген украин жарандарына каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында өттү.

Бул тууралуу орусиялык басылмалар Орусия ФСБсынын Крым боюнча башкармалыгына таянуу менен билдиришти. Шектелгендердин саны жана алардын аты-жөнү айтылган жок. Маалыматтарга караганда, тинтүү дээрлик жыйырмадай үйдө жүргөн. Активисттер билдиргендей, Симферополдогу Каменка кичи районундагы тинтүү жүргөн аймак Росгвардия тарабынан курчоого алынган. Ал жакта жашоочуларды үйлөрүнө киргизбей жатышат.

2014-жылдан бери 31 крымдык мусулман "Хизб ут-Тахрирге" тиешеси бар делинип куугунтукталган. Украинада бул уюмга тыюу салынган эмес. Орусия "Хизб ут-Тахрирди" 2003-жылы террордук уюм деп тааныган.

22-февралда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Крым боюнча башкармалыгы бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча "Хизб ут-Тахрир" уюмунун сегиз мүчөсүнө кылмыш ишин козгогон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53