KELECHEK
rek

Аксылыктар чек арадагы жердин бир бөлүгүнүн Өзбекстанга берилишине нааразы

Аксылыктар чек арадагы жердин бир бөлүгүнүн Өзбекстанга берилишине нааразы

Аксы районунун жергиликтүү тургундары жана активисттери чек араны тактоодо Кыргызстан бул аймактан Өзбекстанга жерди ашыкча берип жатат деп эсептешүүдө. Бул боюнча президентке жана Жогорку Кеңешке да кайрылуу жолдоп, өз жүйөлөрүн келтиришкен.

Маселенин баары Аксы районунун Өзбекстан менен чек аралаш аймагында жайгашкан Дейрес-Өрүкзар участогундагы 130 гектар жеринен чыккан. Айылдыктардын айтымында, тактоо иштеринин натыйжасында 89 гектар жер кыргыз тарапка, калган 54 гектары Өзбекстанга таандык экени көрсөтүлгөн.

Ыктыярдуу чек арачы жана жарандык активист Бакыт Узенбаев чек ара маселеси мындай чечилбеши керек деген пикирде.

"Былтыр чек араны тактаган комиссия келип, эл менен жолуккан. Түшүнүксүз сөздөрдү айтып, кетип калышты. Эми болсо өзбек чек арасынын командирлери келип, кыргыз чек арачылары турган жерден 10 метр артка жыласыңар деп жатат. Талаш маселенин баары эми билинип жатат. Мурда бул жерлерди өзүм тегиздеп, чек арачыларга кайтарууга ылайыктуу кылып даярдап бергем. Узун кеткен асфальт жол жана союз учурунда курулган суу түтүктөр бизде калган. Азыр эми булардын баары аларга берилет экен. Чек ара ыйык жана кол тийгис дейт. Бирок аны караган комиссия элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон жок. Тортко окшоп эле жерлерди бөлүп берип жатат. Ошондуктан эски карталарды көтөрүп, чек арадагы жерди кайрадан тактоо керек. Кандайча биз пайдаланып келген жер өзбек тарапка 54 гектар болуп өтүп кетет?".

​Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен 725 чакырым жеринен 80 чакырымы учурда тактала элек. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов буга чейин билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн негизинде 476 гектар жер Кыргызстанга калып, 241 гектар жер коңшу өлкөгө берилген. Ал эми талаштуу Үңкүр-Тоо жана Чала-Сарт аймактары боюнча тараптар бир пикирге келе элек. Акматов Дейрестеги маселе боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин айтууда.

Учурда эки мамлекеттин ортосундагы 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и такталган. Былтыр жыл аягына чейин калган жерлер аныкталып бүтөрү айтылган, бирок делимитация жана демаркация иштери уланууда. Эки тараптын жумушчу топтору тынбай жолугушуу өткөрүп жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41