Орусия Коргоо министрлиги Сирияда майор Сухроб Каримов өлгөнүн тастыктады
Орусиянын Коргоо министрлиги Сирияда үч аскер кызматкери өлгөнү тууралуу маалыматты тастыктады. Алардын бири Тажикстанда туулган 35 жаштагы майор Сухроб Каримов. Маркумдардын сөөгү күн мурун Москвага жеткирилди.
Майор Сухроб Каримов мурда Тажикстандагы 201-орусиялык аскер базасында кызмат өтөгөн. Аны Сирияга араб тилин жакшы билгени үчүн жөнөтүшкөнү айтылууда.
Каримов буктурмага кабылып, Сирияга экинчи жолу баргандан кийин дайынсыз жоголгон. Офицердин жакындарынын билдиришинче, анын алгачкы иш сапары 8-9 айга созулган. Би-Би-Синин орус кызматынын маалыматы боюнча 25-мартта майордун ата-энесинен ДНК анализин алуу үчүн аларды Бурденко атындагы аскердик госпиталга чакырышкан.
Майор Сухроб Каримов акыркы жолу ата-энеси менен 22-февралда телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Сухроб Каримов Орусия Коргоо министрлигинин Аскердик университетинин бүтүрүүчүсү, 2010-жылы Душанбеде кызмат өтөп баштаган. Ошол эле жылы ал эр жүрөктүүлүгүн көрсөтүп, күйүп жаткан үйдүн ичинен сегиз жаштагы баланы алып чыккан.
Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий маалыматтары боюнча Сириядагы аскердик операциялар учурунда 40тан ашуун аскер кызматкери мерт болгон. Дагы 50дөй жоокер жана офицер учак жана тик учактар кыйраган учурда көз жумган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52