KELECHEK
rek

Трамп орус аскерлерин Венесуэладан чыгарууга чакырды

Трамп орус аскерлерин Венесуэладан чыгарууга чакырды

АКШ президенти Доналд Трамп Орусияны Венесуэладан аскерлерин чыгарууга чакырды. Эгер жоокерлер Венесуэладан кетпесе, аларды чыгаруу үчүн "бардык мүмкүнчүлүктөр" бар деп эскертти.

27-мартта Ак үйдө Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдонун жубайы Фабиана Росалес менен жолугушууда Трамп "Орусия кетүүгө тийиш" деп билдирди.

Жүздөй орусиялык аскер түшкөн эки учак 23-мартта Венесуэланын борбору Каракаска конгон. АКШ орусиялык аскерлердин курамында спецназ жана кибер коопсуздук боюнча эксперттер да бар экенин маалымдаган.

Доналд Трамп жана вице-президент Майк Пенс Росалес менен Гуайдого колдоо көрсөтүү үчүн жолугушкан.

Майк Пенс журналисттерге «АКШ Орусиянын аскердик учактарынын Венесуэлага барышын жагымсыз провокация катары кабыл алды. Биз Орусияны Николас Мадурону колдоону токтотуп, Хуан Гуайдону жана өлкө элинин эркиндигин​ колдоого чакырабыз" деп айтты.

Венесуэлада азыр кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Армиянын жетекчилиги президент Николас Мадурону колдойт. Өзүн президент деп жарыялаган парламент спикери, оппозиция лидери Хуан Гуайдонун бийлигин АКШ, Канада, Евробиримдик баш болгон ондогон мамлекеттер тааныган. Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52