KELECHEK
rek

Иран жана Ооганстандагы суу ташкындарынан 60тай киши мерт болду

Иран жана Ооганстандагы суу ташкындарынан 60тай киши мерт болду

Нөшөрлөгөн жаан жана селден улам Иранда 34 киши өлүп, 125и жаракат алды. Бир нече адам дайынсыз жоголду. Ага коңшулаш Ооганстанда жаратылыш кырсыгынан 25 адам мерт болду.

Иран басылмалары Өзгөчө кырдаалдар борборунун башчысы Пир-Хусейн Коливандга шилтеме берүү менен өткөн аптада катуу нөшөрдөн улам өлкөнүн түндүгүндөгү дарыялар жээктен чыгып, шаарды, айылдарды каптаганын билдирди. Гүлестан провинциясында 56 киши, Мазандеранда 200дөн ашуун киши үй-жайсыз калды.

Ирандын энергетика министри Рез Радаканиандын айтымында, 17 шаар 635 айыл табият кырсыгына кабылды. Жүз гектарлаган айыл чарба жерлери суунун алдында калды.

Имараттар жана көпүрөлөр талкаланды, жолдор дарыяга айланды, электр кубаты менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралууда. Үйсүз калгандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулууда.

Катуу жаандан улам Ооганстандын түштүк, батыш жана борбордук райондору дагы жабыр тартты. Табият кырсыгына 9 провинция туш болду. Суу ташкынынан Кандагарда эле 20 адам мерт болду. БУУ курман болгондордун арасында балдар бар экенин билдирүүдө. Он киши дайынсыз жоголду. Ооганстандын 7 провинциясы калың кар, кар көчкү жана жер көчкүдөн жабыркады.

Суу ташкындарынан улам 16 миңден ашуун үй жарактан чыкты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...