KELECHEK
rek

Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россия Президенти Владимир Путин чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россия Президенти Владимир Путин чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык кесиптеши менен жылуу учурашты жана Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келгени үчүн ага ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстанда сизди ак ниет дос жана ишенимдүү өнөктөш катары билишет жана баалашат. Сиз менен жана россиялык досторубуз менен жолукканыбызга ар дайым кубанычтабыз. Россия — биздин жакын, ишенимдүү союздашыбыз жана маанилүү, узак мөөнөттүк стратегиялык өнөктөшүбүз. Россия Федерациясы менен мамилелерибизди дайыма жогору баалайбыз жана барктайбыз. Сиздин жеке колдооңуз менен биздин эки өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге чыкты», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал өткөн жылы Владимир Путин менен бир нече жолугушуу болгонун, ал эми быйыл экинчи ирет жолугуп жатышкандарын эске салды.

«Ар бир жолугушуу биздин эки тараптуу мамилелерибизге жаңы түрткү берет. Биз өлкөбүздүн ЕАЭБ шарттарына ыңгайланышы боюнча Россиянын колдоосун жогору баалайбыз. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө кезектеги аскерий-техникалык колдоо үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да бекемдей беребиз, Кыргызстанга кош келиңиздер», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Россия Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырганы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди жана жакында болгон жолугушууну эске салды.

«Биз анда күндөлүк көйгөйлөр тууралуу сүйлөшкөнбүз, бүгүн биздин ортобуздагы диалогдун уланып жатканы жагымдуу көрүнүш. Кыргызстан — биздин ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз буга чейин да иштегенбиз, мындан кийин да эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада бирге иштешүүгө даярбыз.  Биз эми эле Кыргызстан жакында чоң эл аралык уюмду — Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун Саммитин кабыл алаары жөнүндө сүйлөштүк. Бул ири эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Сиздин аракетиңиз менен Кыргызстанда тынч, туруктуу кырдаал орноп, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн өзгөчө баса белгилегим келет», — деп баса белгиледи Владимир Путин.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12