Түркмөн бийлиги тандырларды колдонууга чектөө киргизип жатат
Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда тандырларды колдонууга чектөөлөр киргизилип, аларга туташтырылган газ түтүктөрү жапырт кесилип жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.
«Газ эсептегичтери орнотулгандан кийин тандырларга туташтырылган газ түтүктөрүн кесе башташты. Акыркы кездери бул массалык көрүнүшкө айланды», — деп жазды басылма.
Былтыр күзүндө өлкөдө калкка газ, суу жана электр энергиясын бекер берүү токтоп, үйлөргө эсептегичтер орнотула баштаган.
Маалыматка караганда, Дашөгүздүн бийлиги тандырлар турак-үйлөрдөн 15 метр алыстыкта курулушу керектигин айтып, бул талапты коопсуздук техникасынын эрежелери менен түшүндүрүүдө. Мындан тышкары тургундардан тандырлардын айланасын тосуп, темирден бастырма куруу талап кылынууда.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы кездери аймакта отундун баасы кыйла жогорулаган. «Бир нече жыл мурда бир трактор отун 100-150 манат болсо, азыр 240-250 манаттан сатылууда (Түркмөнстан Улуттук банкынын курсу боюнча 3,6 манат 1 АКШ долларына барабар)», — деп билдирди тургундардын бири.
Түркмөнстанда бир жылдан ашык убакыттан бери нан жана ун тартыш болууда. Былтыр өлкө боюнча баалар өсүп, жарандардын нан сатып алуусуна чектөөлөр киргизилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04