KELECHEK
rek

Өзбекстанда электр тогунун жардамы менен балык уулагандар көбөйүүдө

Өзбекстанда электр тогунун жардамы менен балык уулагандар көбөйүүдө

Өзбекстанда Балыкчылар бирикмесинин активисттери өлкөдөгү көлмөлөрдө мыйзамсыз балык кармагандар көбөйүп жатканын билдирип чыгышты.

Алардын айтымында, мыйзамсыз балык уулоо учурлары өлкөдө жыл сайын 1-марттан 28-майга чейин уланат. Бул мезгилде балыктар урук чачкандыктан, аларды кармоого тыюу салынган.
Активисттер далил катары сууга электр тогун жиберүү аркылуу балык кармап жаткан учур тартылган видеону жарыялашты.

«Электр-кайырмак деген нерсе бар. Акыркы кездери ошону колдонуу менен балык кармагандар көбөйдү. Анын жардамы менен электр тогу көлмөгө жиберилип, жүздөгөн балык суунун үстүнө калкып чыгып калат. Мыйзамсыз балык уулагандар алардын чоңдорун гана тандап терип алышат. Алардан тышкары 15 метр радиустагы миңдеген майда балыктар дагы өлөт», — деди бирикменин активисти Гайрат Акаров.

Сырдарьядагы балыкчылар клубунун мүчөсү Игорь Нестеров дагы өлкөдөгү көлмөлөрдө мыйзамсыз балык кармагандар көбөйгөнүн ырастады.

«Бул көрүнүш бизди тынчсыздандырып жатат. Анткени көлмөлөрдө балык калбай калууда. Тилекке каршы, буга эч ким көңүл бурбай жатат. Мына, азыр алар урук чачып жаткан учур, балык уулоого таптакыр тыюу салынган. Бирок айрым адамдар аларды электр тогунун жардамы менен кармап жатышат. Ток кое берилгенден кийин балыктын өзү менен бирге икралары дагы өлүп калууда», — деди Нестеров.

Өлкөнүн Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү мындай мыйзамсыз балык кармагандарга каршы дайыма текшерүү рейддери өткөрүлүп турарын айтты.

Өзбекстанда атайын уруксаты жок адамдардын көмөлөрдө балык уулоосуна тыюу салынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...