KELECHEK
rek

Британ парламенти брекзит боюнча бир дагы альтернативдүү сунушту колдогон жок

Британ парламенти брекзит боюнча бир дагы альтернативдүү сунушту колдогон жок

Британ парламентинин төмөнкү палатасы брекзит маселесин чечүү боюнча сегиз альтернативдүү сунуштун бирөөсүн дагы колдогон жок.

Парламент мындай добуш берүү өткөрүү чечимине Мэйдин келишимин эки жолу четке каккандан кийин барган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында брекзиттен кийин ЕБ менен бирге бажы биримдигинде калуу сунушун депутаттардын көбү колдогон. Бирок алар дагы көпчүлүктү түзө алышкан эмес.

Оппозициячыл лейбористтер колдоп жаткан кайрадан референдум өткөрүү сунушуна 268 депутат добуш берсе, 295 депутат каршы болду. ЕБден эч кандай макулдашуусуз чыгуу сунушун болгону 160 депутат колдогон.

Ошентип, парламент Тереза Мэйдин өкмөтүн өз стратегиясын өзгөртүүгө мажбурлай турган жолду тандай алган жок. Шаршембиде премьер-министр парламент анын Улуу Британиянын ЕБден чыгуусу боюнча планын жактыргандан кийин кызматтан кетерин билдирген. Буга чейин брекзитти колдогон айрым консерваторлор Мэйдин Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрүн сынга алып, аны өкмөт башчылыктан кетирүү керектигин айтып чыгышкан.

Шаршембиде парламент формалдуу түрдө брекзиттин мөөнөтүн 29-марттан 12-апрелге жылдырган. Бирок 12-апрелде Лондон ЕБге бул туңгуюктан чыгуу боюнча өз планын сунушташы керек. Бирок азырынча британ өкмөтүндө мындай план жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52