KELECHEK
rek

Европарламент бир жолу колдонулчу желим идиштерге тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Европарламент бир жолу колдонулчу желим идиштерге тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Европарламент 2021-жылдан тарта ЕБ аймагында бир жолу колдонула турган желим идиш-аяктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды.

Документтин кабыл алынышы үчүн 560 депутат добуш берсе, 35и каршы болду. Дагы 28 депутат бейтарап позициясын билдирди.

Документке ылайык, 2029-жылга карата ЕБ өлкөлөрүндө кайрадан иштетүү үчүн чогултулган желим бөтөлкөлөрдүн көлөмүн 90 пайыздык көрсөткүчкө жетиши керек. Мындан тышкары документ балык уулоо үчүн деңизге жайылган торлордун жоголгондугу үчүн балыкчыларды эмес, аны өндүргөн компанияларды акча төлөөгө милдеттендирет.

Еврокомиссиянын маалыматына караганда, Дүйнөлүк океандагы жалпы таштандынын 85 пайызын желим буюмдар түзөт. Алардын жарымына жакыны бир жолу колдонууга арналган идиш-аяктар.

Дүйнөдө желим идиштерге алгачкылардан болуп Франция 2016-жылы тыюу салган. Былтыр жазында Еврокомиссия желим тарелкалар менен ашайрыларга тыюу салууну сунуштаган.

Буга чейин желим идиштерди колдонуудан АКШнын айрым шаарлары, ошондой эле Starbucks сыяктуу бир топ компаниялар баш тартышкан.

Экологдордун маалыматына караганда, 2012-жылы Дүйнөлүк океанда желим таштандылардын көлөмү болжол менен 165 тоннаны түзгөн. Желимден жасалган буюмдардын бөлүктөрүнөн турган таштандынын жалпы саны беш триллиондон ашат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53