KELECHEK
rek

CPJ түркмөн бийлигин журналисттерге карата куугунтукту токтотууга чакырды

CPJ түркмөн бийлигин журналисттерге карата куугунтукту токтотууга чакырды

«Журналисттерди коргоо комитети» (Committee to Protect Journalists, CPJ) түркмөн бийлигин өлкөдөгү көз каранды эмес журналисттерди «куугуктуктоону» токтотууга жана кабарчы Солтан Ачилованын өлкөдөн чыгуусуна салынган тыюуну тез арада алууга чакырды.

«Ачилова өңдүү бир катар журналисттерди куугунтуктоо токтотулушу керек, анткени алар дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бириндеги окуяларды чагылдыруу менен маанилүү ишти аткарып жатышат», — деп билдирди комитеттин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү байкоочусу Гулноза Саид.

Ачилова редакциясы Венада жайгашкан көз каранды эмес «Түркмөнстан хроникасы» басылмасынын Ашхабаддагы кабарчысы болуп иштейт.

11-мартта ал эл аралык семинарга катышуу үчүн Грузияга учаар маалда Ашхабад аэропортунда токтотулган. Өлкөнүн Иммиграциялык кызматынын өкүлү Ачилова өлкөдөн чыга албай турганын айтып, бул тыюунун себептерин түшүндүргөн эмес.

Былтыр Ачилова укук коргоо органдары тарабынан бир нече жолу кармалып, полиция кызматкерлери менен белгисиз адамдардын зомбулугуна кабылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53