Шавкат Мирзиёев жарандарды жеке өзү кабыл ала баштайт
1-апрелде Ташкентте өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин жеке кабылдамасы ачылат. Бул тууралуу президенттик администрациянын Жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн жетекчиси Бахтиёр Жамалов билдирди.
Анын айтымында, кезекке алгачкылардан болуп жазылган жарандар менен президент жеке өзү жолугуп, арыз-муңун угат. Кийинчерээк мамлекет башчынын мындай кабыл алуулары онлайн-трансляция түрүндө уюштурулуп турат.
«Капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имарат зарыл болгон бардык видео жабдуулар менен жабдылган. Анда кабыл алуу жана күтүү залдары бар. Мындан тышкары телекөпүрөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн», — деди Жамалов.
Азырынча жабык турган имараттын эшигинде президент жарандарды кабыл ала турган күндөр жана убакыт-сааты көрсөтүлгөн. Мындан тышкары анда өкмөттөгү башка жетекчилердин кабыл алуу графиги дагы жазылган.
Жамалов кошумчалагандай, учурда Мирзиёевдин жеке кабыл алуусу үчүн 20 жаран тандалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52