KELECHEK
rek

АКШнын түштүк чек арасына дубал тургузүү үчүн бир миллиард доллар бөлүндү

АКШнын түштүк чек арасына дубал тургузүү үчүн бир миллиард доллар бөлүндү

АКШнын Коргоо министрлиги өлкөнүн түштүк чек араларын бекемдөө үчүн бир миллиард долларга жакын каражат бөлөт. Бул акча 90 чакырымга созулган 5 метр бийиктиктеги дубалдын курулушуна жана чек ара аймактарындагы жолдорду оңдоого жумшала турганы айтылууда.

Февралда АКШнын президенти Мексика менен чек арага өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул жарлык ага Конгрессти кыйгап өтүп, дубалдын курулушуна каражат алуу үчүн кошумча ыйгарым укуктарды берген.

Конгрессмендер угууларды Ак үйдүн кеңешчи-юристи Пэт Чиполлино менен Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүүнү талап кылышкан. Анда алар өзгөчө абал киргизүү тууралуу Трамптын чечимине юридикалык жана каржылык негиздеме бериши керектиги айтылган.

Кийинерээк АКШнын 16 штаты президент Трамп менен анын администрациясындагы жогорку кызматтагы адамдарга каршы жамааттык доо арыз жазышкан. Алар президент Конгресстин каалоосуна карабастан, мыйзамсыз миграцияга байланышкан жасалма «каатчылык» шылтоосун пайдаланганын билдиришкен.

Буга чейин 2019-жылдын бюджетине байланыштуу президент Трамп менен Конгресстин ортосундагы талаш АКШнын тарыхындагы эң узак шатдаунга (өкмөттүн ишинин убактылуу токтошуна) алып келген. Ал тирештин жыйынтыгында Конгресстин Сенаты менен Өкүлдөр палатасы өкмөттүн бюджет долбоорун жактырган. Ага ылайык, чек арага дубал тургузууга 1,5 миллиард доллар бөлүнгөн. Дональд Трамп дубалдын курулушу үчүн алгач 5,7 миллиард доллар сураган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52