KELECHEK
rek

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар чыгармачылык борбору (ФОТО)

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар чыгармачылык борбору (ФОТО)

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан (Астана) шаарында  өткөн “Астана жылдыздары – 2019"- аттуу сынакка Жалал-Абаддагы «Ариет» балдар чыгармачылык борбору да катышып, байгелүү 2-3-орундарга жетишип, баалуу белектерди алууга татышты.

Жалал-Абад шаарындагы «Ариет» балдар чыгармачылык борборунун директору Жыпар Аманкулованын берген маалыматына караганда, аталган сынакка

Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Россиядан келген жаш таланттар төрт жанр боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында, вокалдан, комуздан, бийден (орто тайпадан) 2-орунга, ал эми пианино менен бийдин жогорку тайпасында 3-орунга жетишишкен.

“Сынак абдан ийгиликтүү болду. Бизге көмөк көрсөткөн Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ы.О. Калчаевге, шаардык кеңешке, ата-энелерге терең ыраазычылык билдирем.

Сынакта атаандаштар абдан көп болду. Миңге жакын десек да болот. Орун албай калгандар да көп. Ар бир жанрдан 8-9дан атаандаш болду”, - дейт Ж. Аманкулова.

Мындан сырткары, спорттун каратэ боюнча Бишкекте өткөн Кыргызстандын биринчилигинде «Ариет» балдар чыгармачылык борбору 3-орунду ээлешкен.

«Ариет»  балдар чыгармачылык борбору жөнүндө  маалымат

Борбор 1996-жылы “Мээрим” фонду  болуп ачылган. Ал эми 2011-жылы “Ариет” балдар чыгармачылык борбору болуп түзүлгөн. Учурда борбордо 16 ийрим бар. Ошондой эле борбордо 23  өз ишин  мыкты  билген профессионал  мугалим, 1135  окуучуга кошумча-өнөр, билим  үйрөтүү  менен  кесипке  багыт  берүүгө   чакырат.  

- Негизги  максатыбыз – жаш муундарды  жарандык-патриоттуулукка  тарбиялоо  болуп  саналат. Борбор 4  багытта  иш алып  барат:

- Интеллектуалдык  бөлүм;

- Кол өнөрчүлүк жана сүрөт искусствосу;

- Музыкалык-сценкалык, 

- Спорттук  

Ушул  максатты туу  тутуп, бекитилген жылдык  иш-пландын  негизинде, “Биз-Манастын  урпактарыбыз”, “Менин  жергемдин тарыхы”, “Кыргызстан-балдары  тынчтык  үчүн!” – аттуу конкурс – фестивалдарды өткөрүү жаш  өспүрүмдөрдү    мекенчилдикке  багыттоо  менен, өз эне  тилин, жерин   сүйүүгө, барктоого, коргоого, кыргыз  мамлекетинин  баалуулуктарын аздектөөгө тарбиялайт, - дейт Ж.Аманкулова.

Эл аралык сынактарда жеңишке жетишкен

Шаардык, облустук, республикалык  денгээлде гана  эмес, эл  аралык “Ысык-Көл-досторун  чакырат”, “Ысык-Көл-балдардын  көзү  менен!” – аттуу  конкурс-фестивалдарда «Ариет» балдар  чыгармачылык  борборунун  жаш  таланттары  2014-жылы үч  биринчи  орунду - вокал, бий, комуз жанры боюнча ээлесе, Ош  шаарында  өткөн бийчи  жылдыздар сыгагында эки биринчи  орунду, жакында  өткөн  этно-карнавалда  баш  байгени 13-17 жаштар арасында, биринчи  орунга - 9-12 жаштагылар арасында, вокал  жанры  боюнча экинчи орунга ээ болду.

“Жаш өспүрүмдөрдү  көркөм-эстетикалык  жактан  гана  тарбия  бербестен, сергек  жашоо  образына үйрөтүү, спорт – ден соолуктун  булагы экенин эске  алуу менен  атайын  каратэ-до, айкидо ийримдери  иш  алып  барат. Өткөн  окуу  жылында  Борбор  Азиянын  чемпионатына  катышуу менен  1,2,3-  орундарды  алууга  жетише  алышты.

Ошондой  эле    таланттуу   балдарды  чет  жактарга  алып  чыгуу да, заман  талабы   эмеспи. Турция  Мамлекетинин   Анталья  шаарында өткөн  Жаштар  фестивалына  5  окуучу  катышып,  «Эң  мыкты  бийчилер» номинациясына  ээ  болуу  менен, улуттар  аралык  ынтымакты  бекемдөө, достук  мамилелерин  чыңдоо менен  Жалал-Абад  шаарынын  атын дагы  бир  жолу  даңктай  алышты”, - деди Ж. Аманкулова.

«Убакыт  учкан  зымырык  куш»  демекчи, 2016-жыл – Тарых, маданият жылында «Ариет» балдар чыгармачылык борбору 20  жылдык  мааракесин  белгилөө менен  биринчи  жолу балдар  сүрөт  көргөзмөсүнүн  ачылыш аземи  “Балажан” республикалык борбору (РУМЦЕВ), КР өкмөтүнүн Жалал-Абад  облусундагы өкүлчүлүгү, шаардык  мэрия, ШБББнүн  жетекчилери, ата-энелер, коомчулук  менен  биргеликте   өткөрүлдү.

«Аристин» жардамы менен  Спутникте заманбап  борбордун  филиалы  ачылган

- Мезгил  алмашкан  сайын, заманга  жараша  шаарга  калктын  отурукташуусу  көбөйүү  менен, кошумча-өнөр  билимге  умтулуусу да  артып  баратат. Ушундай  көйгөйлөрдү  эске  алуу  менен  Спутник  кичи  шаарчасына «Арис» программасынын алкагында  долбоор  жазылган.

Аны  утуп алуу менен 100 миң  доллардык  долбоордун алкагында  заманбап  2  кабаттуу   борбордун  филиалы  ачылып, 6 мугалим, 3 техникалык  кызматкер  жумуш  менен

камсыз  болсо, 300дөн  ашуун  окуучу өз  убактысын  максаттуу  пайдалануу  менен  бирге, кесипке  багыт  алууга  мүмкүнчүлүк  алышты. Борбордун  жаш  таланттары Республикалык  деңгээлдеги  сынактарга «Мен – Кыргызстандык экениме сыймыктанам», Куурчактар жарманкесине  катышуу  менен   өз  өнөрлөрүн  көрсөтө  алышты жана баалуу белектер  менен  сыйланышты, - дейт Жыпар Талиповна. 

ЮНЕСКО  клубунун мүчөсү  деген  сертификатка  ээ  болгон

«Ариет» балдар  чыгармачылык  борбору КР ЮНЕСКО клубунун мүчөлүгүнө кабыл алынгандыгы боюнча сертификатка  ээ  болгон. Бул клубга мүчө болуу – жаш өсүрүмдөр  арасында толлеранттуулукка, адам  укугун  коргоого, балдардын  конвенцияларын  үйрөнүүгө, кызыл китепке  кирген  жаныбарларды  өспүрүмдөргө  тааныштыруу негизги  максаттарынын бири.

“Биздин  таланттуу  балдарыбыз – мүмкүнчүлүгү  чектелген  балдар  менен  да  дайыма  тыгыз  иш  алып  барышат. Ага мисал катары айта турган болсок: «Сен  жалгыз  эмессин, биз  сени  мененбиз!» кайрымдуулук  акциясы, “Ак  бермет”  балдар  үйүнө, “Мээрим  булак” мүмкүнчүлүгү чектелген  фондуна, балдардын  психоневрологиялык  диспансерине  барып, алардын коомдо жалгыз  эместигин, аяр  мамиле, өзгөчө  көңүл  бурулаарына, руханий  жактан жардам  берүү  менен өз  өнөрлөрүн  тартуулап  келишүүдө”, - дейт «Ариет» балдар  чыгармачылык  борборунун завучу Элмира Мамажанова.

Борбордун  ар  бир  педагогу  балдардын  жан дүйнөсүн  түшүнүү менен аларга  ата-энедей  камкордукка  бөлөөгө  аракет  жасайт. Ар  улуттун майрамдарына карата тарбиялык  сабак  катары  өтүү, традицияга  айланууда.

“Англичандардын  Хелловен, орус  элинин  масленица, каникул  мезгилинде

Балдардын  бактылуу  көз  ирмемдери, балдардын  бири – бирине  болгон

достук  сезимдерин  ойготуп, улуттар  ынтымагына  кошкон  салымдары  чоң  экендигин  баса  белгилөөгө  болот”, - деп кошумчалады борбордун  директору Ж. Аманкулова.

Бул макала КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Европа Биримдигинин “Мугалим – бул Кесип” аттуу сынактын алкагында жарыяланды.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24