KELECHEK
rek

Бишкекте активисттер Атамбаевге кылмыш ишин козгоону талап кылышты

Бишкекте активисттер Атамбаевге кылмыш ишин козгоону талап кылышты

Бишкек шаарындагы «Бийликти узурпациялоо жана анын кесепеттери» аттуу жыйынга чогулгандар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигин сынга алып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

Алардын талабын 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн аппаратынын башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев угузду.

"Курултайды уюштурууга катышкан саясий-коомдук жана мекенчил күчтөрдүн талаптарына ылайык, былтыр кабыл алынган чечимдерге жана талаптарга кайрылууга мажбурбуз. Биринчиден, мамлекеттик бийликти узурпациялоо, уюшкан кылмыштуу кланды түзүү, саясий жана экономикалык коррупциялык иштерди уюштуруу айыбы боюнча Алмазбек Атамбаевге чукул арада кылмыш ишин козгоону башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон талап кылабыз. Конституциянын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет. Ал эми 6-беренесинин биринчи пунктуна ылайык, Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ. Ошондуктан кол тийбестик деген саясий оюндар менен интригаларды, жаңы кабыл алынып жаткан мыйзамды ишке киргизебиз деген шылтоону токтотуш керек", - деди ал.

Каптагаев мурдагы мамлекет башчынын байлыгынын булагын текшерүүнү талап кылды.

Экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамды 12-мартта Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети үчүнчү окууда жактырган. Анын алдында Конституциялык палата менен Жогорку Кеңештин ортосунда документтеги беренелер боюнча талаш-тартыш орун алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13