KELECHEK
rek

АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды

АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды

АКШ президенти Доналд Трамп 25-мартта Израилдин талаштуу Голан дөңсөөлөрүнө ээлигин тааныган документке кол койду.

Вашингтондогу расмий иш-чарага Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху да катышып, Трампка ыраазычылык билдирди. Ал документти Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү аскердик жеңишин дипломатиялык утушка айландырган "чечкиндүү кадам" деп атады.

Кол койгондон кийин Доналд Трамп АКШ мындай чечимди "ондогон жыл мурда эле кабыл алууга тийиш болчу" деп айтты.

Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары таануу – Жакынкы Чыгышта чыңалуунун көбөйтө турганын билдирди.

Израиль жалпы аянты 1800 чарчы чакырым болгон Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылы «Алты күндүк согушта» басып алган. Ага чейин ал Сириянын бир бөлүгү болгон. Тел-Авив аталган аймакты өзүнө каратып алганы менен эл аралык коомчулук аны тааныган эмес. БУУ Голан дөңсөөлөрүнүн аннексиясын мыйзамсыз деп атап, Израилди аймакты Сирияга кайтарып берүүгө үндөгөн.

Сириядагы жарандык согуштун жүрүшүндө, 2018-жылга чейин Голан дөңсөөлөрүнүн Сирияга таандык бөлүгү козголоңчулар тарабынан көзөмөлдөнгөн. Бирок азыр ал аймакты Сирия армиясы ээледи. Бул Израиль бийлигин өтө тынчсыздандырууда.

АКШда бийликке Трамп келгенден бери Израилди жактаган саясат жүрүүдө. 2018-жылы майда Вашингтон Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүргөн. Мындай жол менен ал бул шаарды Израилдин борбору катары тааныган. БУУга мүчө 128 өлкө шаардын макамы талаштуу болгондуктан, бул чечимге каршы чыккан, бирок АКШ бийлиги көз карашын өзгөрткөн эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52