KELECHEK
rek

Орусия Коргоо министрлиги Сирияда үч аскери мерт болгонун мойнуна алды

Орусия Коргоо министрлиги Сирияда үч аскери мерт болгонун мойнуна алды

Сирияда үч орусиялык аскер февралдын соңунда террористтер кол салгандан кийин мерт болгон. Алардын сөөгү Орусияга жеткирилди.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, үч аскер кызматкеринин жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн кийин аларды издөө боюнча тынымсыз иш жүргөн.

Кийинчерээк Аскердик-космос күчтөрүнүн биргелешкен операциясынын алкагында кол салууга катышы бар делген 30дан ашуун жоочу жок кылынган.

Орусия Сириядагы аскердик операциясын 2015-жылы күзүндө баштаган. Кийинки жылы жазында Владимир Путин “тапшырмалар ийгиликтүү аткарылгандан кийин” аскерлердин негизги бөлүгүн, 2017-жылы баарын чыгарып кетүү боюнча жарлыкка кол койгон. Расмий маалыматтар боюнча учурда ал жакта – Хмеймим менен Тартуста орусиялык аскерлерден турган атайын гарнизон жайгашкан.

Орусиялык аскерлерге ким кол салганы так белгисиз. Орусиянын Коргоо министрлиги “Ислам мамлекети” экстеримисттик тобун эле эмес башка топтордун мүчөлөрүн дагы “террорист” деп атайт.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий маалыматтары боюнча Сириядагы аскердик операциялар учурунда 40тан ашуун аскер кызматкери мерт болгон.

Дагы 50 киши аскердик эмес жоготуулардын катарына кирет, алардын арасында орусиялык учак жана тик учактар кыйраган учурда курман болгондор бар. Ошол эле маалда"ЧВК Вагнера" жеке аскердик компаниясы канча жалданма согушкеринен айрылганы белгисиз.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52