KELECHEK
rek

Орусиялык аскерлер кеңеш берүү үчүн Венесуэлага келгени кабарланууда

Орусиялык аскерлер кеңеш берүү үчүн Венесуэлага келгени кабарланууда

Венесуэлага аскердик-техникалык жактан кеңеш берүү үчүн орусиялык аскерлер тобу эки учак менен келди. Бул тууралуу РИА Новости өз булагына таянуу менен билдирди. Маалыматтарга караганда, Орусия менен Венесуэланын ортосунда бир нече жыл мурун түзүлгөн келишимдер бар.

Бул маалыматты Associated Press агенттигине атын атагысы келбеген венесуэлалык аткаминер тастыктады. Ал орусиялык аскерлер жабдууларды техникалык жактан тейлөө, машыгуу жана стратегия маселелерин талкуулоо үчүн келишкенин айтты.

Күн мурун интернетте Венесуэланын борбору Каракаска Орусия Коргоо министрлигинин Ил-62 жана Ан-124 учактары келген учур тартылган сүрөт жана видео тараган.

Жергиликтүү Noticiera Digital басылмасы кабарлагандай, Венесуэлага Орусия армиясынын Кургактагы күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы, генерал Василий Тонкошкуров баштаган 99 аскер келген болушу мүмкүн.

Авиатрекерлерден алынан маалыматтарга караганда, учактар Каракаска Сириядан келишкен.

Ан-124 менен Ил-62 учактары буга чейин дагы Венесуэлада байкалган. Бирок алар кимдерди алып келгени белгисиз. Оппозиционер Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент катары жарыялагандан кийин Reuters агенттиги өлкөнүн президенти Николас Мадурону коргоо үчүн Орусиядан "ЧВК Вагнера" жеке аскердик тобунун жоокерлери келгенин жазган. Бирок бул маалыматты тастыктоого мүмкүн болгон эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...