KELECHEK
rek

Талгарбеков экс-президент Атамбаевди сотко берет

Талгарбеков экс-президент Атамбаевди сотко берет

Абактан чыккан саясатчы Бекболот Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берүү үчүн документтерди даярдап жатат. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» өзү билдирди.

«Биз камалган учурда «мамлекеттик төңкөрүш жасайм деген» деп түздөн-түз күнөөлөгөн. Бул өтө оор айып болуп саналат. Ошонун айынан мен үч жылга жакын абакта отуруп чыктым. Эми сотто бул сөздөрдү кайсы жерде айтканымды далилдеп берсин. Мени 17 жылга кесүүгө аракет кылышкан үчүн моралдык кенемте катары 17 миллион сом талап кылып жатам. Азыр документтеримди топтодум, эртең адвокатым менен жолугушам», - деди Талгарбеков.

2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча 14 жылга соттогон.

Быйыл 8-февралда Жогорку сот Талгарбековдун жаза мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жазасын өтөөгө чечим чыгарган. 7-мартта үч жылдан бери абакта жаткан «Элдик парламент» кыймылынын мүчөсү, мурдагы министр Бекболот Талгарбеков абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53