Стамбул: жардыруу курмандыктарынын саны 42 жетти
Стамбулдагы Ататүрк аэропортундагы кол салууда курман болгондордун саны 42 кишиге жетти. Шаршембиде жарадар болгондордун бирөө көз жумду. Шейит кеткендердин ичинен 13ү чет өлкөлүк жарандар экени аныкталды. Жарадарлардын саны – 239, алардын арасынан 40 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Туркия президенти Режеп Эрдоган 29-июнду - улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.
Премьер-министр Бинали Йылдырым кабарлагандай, 28-июнь күнү кечинде үч жоочу Ататүрк аэропортунун көзөмөл бекетинин жанында ок чыгарган. Бул учурда эки жанкечти имараттын ичине кирип, жардыруу уюштурушкан. Дагы бирин полиция жаракат кылган учурда ал өзүн өзү көчөдө жардырып жиберген.
Азырынча теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким моюнуна ала элек. Бирок түрк бийлиги кандуу окуянын артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу турат деп эсептейт.
Соңку жарым жыл ичинде Түркияда бир нече ири теракттар уюштурулду. Бул акыркы алты айда Түркияда болгон ири сегизинчи жардыруу болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56