KELECHEK
rek

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келет

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келет

"Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов жакын арада Кыргызстанга келет. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фракциянын депутаты Максат Сабиров билдирди.

"Республика - Ата Журттун" депутаттары Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, Мирлан Жеенчороев жана Кенжебек Бокоев Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкен.

Сабиров Бабанов бир айдын ичинде келип калышы мүмкүн экенин айтты.

«Өткөндө анын эч кандай күнөөсү жок экенин, саясий куугунтук болгонун ачык эле айтышпадыбы. Ошон үчүн «келем» деп жатат. Биз эми келерин күтөбүз», - деди Сабиров.

Бабанов 21-мартта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө” деп жазган.

"Республика" партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда "анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ошондой эле ага карата "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12