KELECHEK
rek

Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан 47 киши өлүп, 600дөн ашыгы жаракат алды

Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан 47 киши өлүп, 600дөн ашыгы жаракат алды

Кытайдын Яньчэн шаарында жер семирткичтерди өндүргөн заводдогу жарылуудан кеминде 47 киши өлүп, 600дөн ашык адам жаракат алды. Алардын 32синин абалы өтө оор. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жарылуудан кийин өрт чыгып, ал башка өндүрүш имараттарына жайылган.

Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, жарылуудан заводго жакын жайгашкан бала бакчанын тарбиялануучулары дагы жабыркаган. Мындан тышкары жакын жердеги турак-үйлөр менен мектептердин айнектери сынганы кабарланууда.

Азырынча жарылуунун себептери аныктала элек.

Яньчэн шаарындагы жер семирткичтерди өндүрүүчү бул завод 2007-жылы ачылган. Буга чейин 30дан ашык тез тутануучу химикаттарды өндүргөн компанияга коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы жана айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн айыппул салынган.

Адатта мындай жайлардагы жарылуулар материалдардын туура эмес сакталышынан улам келип чыгат. 2015-жылы Тяньзинь шаарында жайгашкан өнөр-жай аймагында жарылуу болуп, 165 киши каза болгон. Былтыр ноябрда Чжанцзякоу шаарындагы химиялык заводдун жанындагы жарылуу 20дан ашык адамдын өмүрүн алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...