KELECHEK
rek

Алматы менен Ташкент дүйнөнүн эң арзан шаарларынын катарына кирди

Алматы менен Ташкент дүйнөнүн эң арзан шаарларынын катарына кирди

The Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун версиясы боюнча, Өзбекстандын борбору Ташкент менен Казакстандын Алматы калаасы дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын катарына кирди.

Изилдөө борбору жыл сайын Worldwide Cost of Living баяндамасын жарыялап, дүйнөнүн ири шаарларындагы жашоонун баасын аныктайт. Ал үчүн бирдей айлык алган адамдар турак-жай ижарасы, транспорт, азык-түлүк жана зарыл товарлар үчүн канча акча корото тургандыгы эсептелинет.

Быйыл Алматы менен Ташкент Индиянын Бангалор, Сириянын Дамаск жана Венесуэланын Каракас шаарлары менен бирге тизменин эң аягына жайгаштырылган. Изилдөө борборунун эсептөөсү боюнча, азыр Ташкент менен Алматыдагы жашоо Нью-Йорктогуга салыштырганда дээрлик үч эсеге арзан.

Баяндаманын авторлору Казакстандагы жашоонун арзандашын улуттук валютанын девальвациясы менен түшүндүрүүдө. Өлкө бийлиги 2015-жылдын аягында теңгенин курсун эркин кое берген. Акыркы бир жылдын ичинде теңге доллар, евро жана башка туруктуу валюталарга карата дээрлик 50 пайызга арзандаган.

Economist журналынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө орточо эсеп менен Алматыда бир килограмм нан болгону бир доллар турат. Бул Сеулга салыштырганда 15 эсеге, Париж менен Женевага салыштырганда алты эсеге арзан. Ал эми тамекинин кутусу Алматыда Парижге караганда дээрлик 10 эсеге, Сиднейге караганда 20 эсеге арзан болуп, баасы бир доллардан ашык. Казакстандын бул шаарында бензин дагы Батыш Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу үч эсеге арзан.

Өз кезегинде Ташкент акыркы жылдары рейтингдеги эң арзандаган шаар деп табылды: бир жылдын ичинде андагы жашоонун баасы 14 баскычка төмөндөгөн. Ташкенттен да жашоо көбүрөөк арзандаган шаарлардын катарында Венесуэла менен Дамаск гана бар.

Ал эми Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург, Украинанын Киев, Чехиянын Прага шаарларындагы жашоо бир жылдын ичинде тескерисинче кымбаттаган. Economist Москва менен Петербургдагы жашоонун кымбатташын рублдин бекемделгени менен түшүндүрүүдө.

Өткөн жылы дүйнөнүн эң кымбат шаары деп Сингапур, Гонконг, Париж, Цюрих, Женева, Осло, Сеул, Копенгаген, Тель-Авив жана Сидней калаалары табылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38