KELECHEK
rek

Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти

Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мамлекет башчылык ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялады. Бул тууралуу ал 19-март кечинде республикалык телеканалдардан элге кайрылып жатканда билдирди.

Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин айтып, бул кызматтарда ал Казакстандын ички жана тышкы саясатын аныктоо боюнча «олуттуу ыйгарым укуктарга ээ экенин» белгиледи.

Билдирүүсүнөн кийин Назарбаев «акыркы» жарлыгына кол коюп, аны ошол жерде окуп берди. Документке ылайык, Назарбаев 2019-жылдын 20-мартынан тарта президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып, мамлекет башчынын милдеттери парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге жүктөлөт. Ошондой эле бул жарлык менен парламентке 20-мартта Токаевдин ант берүү аземин уюштуруу тапшырылды. Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирди..

Нурсултан Назарбаев 1990-жылдын апрелинде Казак ССРинин башчылыгына келген. Өлкө эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин 1991-жылы 1-декабрда президент болуп шайланган. Андан бери 1999чу, 2005чи жана 2011-жылдары президенттик шайлоолордо жеңишке жеткен. 2015-жылы апрелде өткөн мөөнөтсүз шайлоодо бешинчи ирет мамлекет башчы болуп шайланган. Анда расмий маалыматтар боюнча Назарбаев шайлоочулардын 97,75 пайызынын добушун алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52