KELECHEK
rek

Якутиядагы мигранттар жапырт текшерилет

Якутиядагы мигранттар жапырт текшерилет

Якутск шаарындагы мыйзамсыз миграцияга каршы митинг. 18-март, 2019-жыл

Якутиянын ички иштер министри Владимир Прокопенко кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу маалында республикада жүргөн мигранттар жапырт текшериле турганын билдирди.

Анын айтымында, миграциялык мыйзамдардын негизинде жүргүнчүлөрдү ташыгандар жана мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөр текшерилет.

Министрдин билдирүүсү Якутияда кыргызстандык жаран зордуктоого шектүү катары кармалгандан кийин жасалды. 18-мартта анда мыйзамсыз мигранттарга каршы митинг өтүп, ага Якутиянын башчысы Айсен Николев менен Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева катышкан. Анда аткаминерлер республикага келген мигранттарга карата көзөмөл күчөтүлө турганын убадалаган. ​

Якутск шаарындагы бул митингдерди Орусияда иштеген мигранттардын кесиптик кошуунунун башчысы Ренат Каримов айыптады.

«Адам өлтүргүчтөр орустардын, украиндердин, буряттардын, ошондой эле татар, якут, кыргыз жана башка улуттарда да бар. Эмнеге бир кылмыш мигранттардын бүтүндөй бир бөлүгүн же жалпы эле чет өлкөндөн келип иштегендерди жаманатты кылышы керек?», — деп билдирди ал Znak.com сайтына берген интервьюсунда.

  • «Сибирь.Реалии» басылмасы Якутсктагы нааразылык акцияларынан кийин мигранттардын дарегине коркутуулар айтыла баштаганын жазды. Анын маалыматына караганда, Якутскта иштеген автобус айдоочусуна жети киши кол салган.
  • Полиция жергиликтүү тургунду уурдоого жана зордуктоого шектелген үч адамды кармады. Алардын бирөөсү зордуктоо айыбын мойнуна алганы кабарланууда. Калган эки киши адам уурдоого катышкан деп айыпталып жатат.
  • 19-мартта Якутскта 80ден ашык автобус каттамга чыккан жок. Ага чейин социалдык түйүндөргө антимиграциялык акциялар тартылган видеолор жарыяланган. Якутстун мэри шаарда такси кызматтары, тамактануу жана соода жайлары плансыз текшериле турганын билдирген. Анда иштеген мигранттардын каттоо баракчалары жана уруксат берүү кагаздары текшерилет.
  • Мигранттарга каршы нааразылык акцияларынан кийин Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү Якутияга барышкан. Кыргыз делегациясынын курамына өкмөттүн алдындагы Миграция кызматынын төрага орун басары Самат Токтоболотов, Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси Дастан Ниязалиев жана Орусиядагы кыргыз диаспорасынын лидери Жазбек Бекболиев кирген.
Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53