ЖК депутаты Айнура Осмонова: Республикадагы 40 райондун бирин да аял жетектебейт (ФОТО)
Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова 15-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн жыйында билдирди.
Анда Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун көчмө жыйыны болуп өттү. Аталган жыйынга ЖК депутаттары: Рада Туманбаева, Ирина Карамушкина, Айнура Осмонова, Жылдыз Мусабекова жана жергиликтүү активист аялдар катышты. Көчмө жыйында “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо жана сактоо” жана “Кыздарды ала качуунун жазасын күчөтүү” боюнча мыйзамдардын аткарылышы, саясатта аялдардын ээлеген оорду боюнча маселелер талкууланды.
Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун төрайымы Рада Туманбаева аялдардын үй-бүлөдө ар кандай зордук-зомбулукка кабылышы, кыз ала качуу көйгөйүн көтөрдү. Анын айтымында, өлкө боюнча былтыр 112 аял өз өмүрүнө кол салган.
- Республика аймагында 2017-жылы - 28, 2018-жылы 34 кыз өзүнүн өмүрүнө кол салган болсо, ал эми 2017-жылы - 75 аял, 2018-жылы 112 аял өз жанын кыйган. Үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабылган аялдар моралдык жана психологиялык жактан басмырлоого дуушар болуп жаткандыктан улам, ушундай кадамдарга барышууда. Акыркы учурда статистикалык көрсөткүчтүн көбөйгөнү баарыбызды ойлонтууда, - деди депутат Р.Туманбаева.
Ал эми ЖК депутаты Айнура Осмонова Кыргызстандагы 40 райондун жана 31 шаардын бирин да аял жетектебей тургандыгы өтө кейишитүү экендигин баса белгилеп кетти.
- Республикадагы 40 райондун жана 31 шаардын, 7 облустун бирин да аял жетектебейт. Жалал-Абад облусунда өкүлдүн бир да орун басары аял эмес. Жалал-Абад шаарында да мэрдин 3 орун басарынын баары эркектер. Акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары аял киши болушу керек. Жооптуу кызматтарды аркалаган аялдардын саны аз болгонуна карабай, аларды да акырындык менен четтетип жатышат, - дейт депутат А.Осмонова.
Мындан сырткары, жыйынга катышкан аялдар тарабынан да жергиликтүү кеңештерге аялдарды квота менен шайлоо керектигин жана кыздарды турмушка берүүдөгү калың маселеси, ысырапкерчиликти токтотуу сыяктуу бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Акырында, Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форуму тарабынан Жаалал-Аад облусунун аймагындагы активист аялдарга “Аялдардын гендердик теңдигин жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу максатында саясий катышуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” – деген Ардак баракчалар тапшырылды.
Анархан Жаңыбаева, kogart.kg
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









