KELECHEK
rek

Тажикстандагы теракттан мерт болгон велотуристтин энеси компенсация сурайт

Тажикстандагы теракттан мерт болгон велотуристтин энеси компенсация сурайт

Жеа Сантоваско уулу Жей Остин менен. Архив сүрөт

Жеа Сантоваско теракттын алдын албаганы үчүн Тажикстандын укук коргоо органдарын күнөөлөөдө.

Дангара-Душанбе трассасында велотуристтерге кол салууда уулун жоготкон АКШ жараны тажик бийлигинен моралдык компенсация алууга аракет жасай турганын билдирди.

62 жаштагы Жеа Сантоваско Ню-Жерси штатында жашайт. Ал Дангара районундагы кол салуудан мерт болгон туристтердин биринин апасы.

29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Тажикстандын түндүгүндөгү Дангара районунда велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны каза болуп, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.

Бул теракт үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган. Өз кегезинде тажик бийлиги бул ишке өлкөдө тыюу салынган Тажикстан “Ислам кайра жаралуу партиясын” айыптоодо.

​Былтыр ноябрь айында чет өлкөлүк велотуристтерге кол салуу иши боюнча негизги айыпталуучу Хусейн Абдусамадов өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул кылмышка көмөктөшкөн жана экстремисттик уюмдарга мүчө болгон деп күнөөлөнгөн Кароматулло Ганиев менен Бехруз Сафоев 16 жылга соттолгон.

“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы менен маектешкен Жеа Сантоваско бул трагедиядан кийин өмүрү азап менен коштолгонун, Жей жалгыз уулу экенин айтып берди. “Жей өлгөндөн кийин, төрт ай дендароо болуп жүрдүм. Азыр жашоомду кайрадан жаңы баштап жатам”, – деди Жеа Сантоваско. Ал убактысынын көбүн жумушта өткөрөт, Жеа риэлтордук иш менен алектенет.

Ал АКШдагы Тажикстандын элчиси менен жолугушуп, Жейдин өлүмү үчүн компенсация талап кылып жатканын айткан. Жеа бул маселени сүйлөшүү же сот аркылуу чечүүгө ниеттенүүдө. Элчилик жакында бул суроого расмий түрдө жооп берүүнү убада кылган.

Бул арада кырдаалды жакшы билген өз булактын маалымдашынча, америкалык Жей Остин менен швейцариялык Хамель Маркустун жакындарынын суроосу боюнча ар кыл өкмөттүк түзүмдөрдүн өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөн. “Мага жеткен маалыматтар боюнча кеп ири суммадагы компенсация жөнүндө болуп жатат”, – деди ал.

Жеа Сантоваско тажиктерге таарынычы жок экенин, трагедиядан кийин көптөгөн Тажикстан жарандары көңүл айтканын кошумчалады. Уулунун сөөгү мекенине 2018-жылы 13-августта жеткирилген. Ал 29 жашта гана болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...