KELECHEK
rek

Белградда демонстранттар президенттин резиденциясын курчап алышты

Белградда демонстранттар президенттин резиденциясын курчап алышты

Сербиянын борбору Белгардда нааразылык акциясынын катышуучулары президенттин резиденциясына кире бериш жерди бөгөп, аны айланта курчап алышты.

Акыркы маалыматтар боюнча Сербиянын президенти Александр Вучич имараттын ичинде. Буга чейин ал маалымат жыйынын өткөрүп, күн мурун улуттук телеканалдын имаратынын ичине кирип барган каршылык акциясынын катышуучуларын жоопкерчиликке тартууга убада берген.

Полициянын атайын кызматкерлери имараттын ичиндеги активисттерди күч менен чыгарган, алардын арасында парламент депутаттары да бар.

Вучич саясий атаандаштарын кыйноо колдонууга жана башаламандыктарды уюштурууга айыптады. Ал митингчилерден коркпой турганын айтып, уюштуруучуларды "фашисттер", "бейбаштар" жана "уурулар" деп атады.

Ишемби күнү ондогон демонстранттар мамлекеттик телеканалдын имаратын ээлеп алышкан. Оппозиция өкүлдөрү эфир берүүнү жана коомдогу окуяларды калыс чагылдырууну талап кылышкан.

Сербияда мындай акциялар дээрлик 14 жумадан бери токтобой келет. Оппозиция өкүлдөрү президенттин отставскасынан тышкары маалымат каражаттарынын жана шайлоо жараяндарынын ачык болушун талап кылып жатышат. Апта сайын өтүп туруучу мындай акцияларга ноябрь айында белгисиз адамдар оппозициячыл саясатчыны сабап кеткени себеп болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52