Жалал-Абадда дин өкүлдөрүнүн катышуусунда конференция өттү
Кечээ, 29-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 400 адамдын катышуусунда диний темада эркин баарлашуу конференциясы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, аталган жыйынга облустун дин өкүлдөрү, мечит, медресе кызматкерлери, жаштар коомчулугу, укук коргоо органдары жана атайын дин жаатындагы серепчилер катышты.
Анда салттуу дин тууралуу маселелер каралып, мамлекеттин коопсуздугуна жана өнүгүшүнө дин тармагынын өзгөчө орду маанилүү экендиги айтылды.
Жалал-Абад облусунун казысы Абдуллазиз Закиров өз сөзүндө салттуу ислам динин өнүктүрүү учур талабы экендигине токтолду. Ошондой эле, дин маданияты, аялдардын паранжы жаамынуусу, эркектердин сакал өстүрүүсү, улуттук кийимге айкалышуусу жөнүндө да айтып өттү.
Ата-Түрк университетинин ректору, доцент Нурлан Исмаилов эксперт катары катышып, бүгүнкү күндө диний абал тууралуу айтып, дин эркиндиги жана айрым учурлардагы кемчиликтер тууралуу да баса белгилеп кетти.
Жаштар өкүлдөрүнөн ЖАМУнун жаштар комитетинин төрагасы Семетей Сарпашев да жаштарга туура тарбия берүүдө, кылмыштуулуктан арылтууда салттуу ислам дининин таасири жана зарылчылыгын айтты.
Бул илимий республикалык конференцияны Жалал-Абад казыяты демилгеге алып, жергиликтүү укук коргоо органдарынын колдоосунда уюштурулду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13