Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы жети жарым жылга соттолду
Пол Манафорт
Вашингтон соту АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту үч жарым жылга эркинен ажыратты. Ал Кошмо Штаттарга каршы көмүскө бүтүмгө барууга жана Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин кызыкчылыктарын мыйзамсыз колдоого күнөөлүү деп табылды.
Бул иштин алкагында Манафортко атайын прокурор Роберт Мюллерге жалган көрсөтмө берген жана Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү боюнча иштеги күбөлөрдү коркуткан деген айыптар тагылган. Жараяндын жүрүшүндө Манафорт өз аракеттери үчүн соттон кечирим сурап, ырайым кылуусун өтүндү.
Өткөн жумада Виржиния соту Украинада саясий кеңешчи болуп иштеп жүргөн кездеги каржы жана салык кылмыштары үчүн Манафортту дээрлик төрт жылга соттогон.
Анын андагы кирешелеринин мыйзамсыз схемалары атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү маалында ачыкка чыккан. Сот маалында Манафорт бул айыптоолорду мойнуна алган. АКШда Дональд Трамп мурдагы кеңешчисине ырайым бериши мүмкүндүгү болжолдонууда. Ай үйдөн президент бул боюнча чечимди «даяр болгондо кабыл ала турганын» билдиришти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52