Гүлнара Каримованын кызы апасынын үй камагындагы жашоосу жөнүндө айтып берди
Британиянын The Guardian басылмасы Өзбекстандын туңгуч президентинин небереси, Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримованын интервьюсун жарыялады. Анда ал апасы жана анын үй камагындагы жашоосу тууралуу айтып берген.
20 жаштагы Иман Каримова билдиргендей, ал 2014-жылы Улуу Британиядагы Брайтон колледжинде окуп жүргөндө Ташкентке каникулга келип, өзбек укук коргоо органдары тарабынан апасынын кармалганына күбө болгон.
«Үйгө атайын даярдыктагы милиция бөлүмүнүн кызматкерлери келип, баарыбызды сыртка чыгарышты. Үйдөгү бардык документтерди, апам экөөбүздүн электрондук түзмөктөрүбүздү алып коюшту. Бизди үйдөн чыгарбай кайтарып турушту. Апам таятам менен сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок ага мүмкүнчүлүк беришкен жок», — деп билдирген Иман Каримова.
Анын айтымында, бул окуядан кийин ал бир жарым жыл Британияга кете албай, апасы жана үй кызматкерлери менен Ташкенттин сыртында үй камагында кармалып турушкан. Гүлнара Каримованын жардамчысы, 30 жаштагы Валентин аттуу келин үйүнө барып, балдары менен көрүшө албагандыктан, уксус ичип, өз жанын кыйган.
Учурда Иман Каримова Улуу Британиядагы эң престиждүү окуу жайлардын бири эсептелген Лондон экономикалык мектебинде билим алууда.
Мындан тышкары The Guardian Гүлнара Каримованын көптөгөн жылдардан бери Лондондо жашап жүргөн 26 жаштагы уулу Ислам Каримов менен дагы маек уюштурган. Каримов анда апасына оор айыптар тагылганын айтып, анын соту Өзбекстандын сыртында өтүшүн каалай турганын айткан.
«Апамдын сотун Швейцарияда өткөрсө болот. Азыр аны инсан катары толук жок кылуу аракети болуп жатат. Азыркы бийлик апам учурдагы элита өкүлдөрүнүн көбүнүн экономикалык кылмыштарын ачыкка чыгарышы мүмкүн деп коркуп жатат», — деп билдирген Каримов.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04