Орусияда токмок жеген мигрант аял депортацияланышы мүмкүн
Хафизахон Бутаева
Москва облусунун Щелково шаарындагы супермаркетте токмок жеген Тажикстан жараны Хафизахон Бутаева Орусиядан депортацияланышы мүмкүн. Жергиликтүү полиция бөлүмүнөн “Сен мигрантсың, арызданууга укугуң жок” деп айтышкан.
Былтыр жайында 39 жаштагы Хафизахон Бутаева жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен йогуртту “Магнит” супермаркетине кайтарып берген. Нааразы сатып алуучу эсте калган. 3-март күнү супермаркеттин сатуучусу Хафизахон Бутаеваны уурулукка айыптап, сабап, баш сөөгүн сындырган, аз жерден көзү көрбөй кала жаздаган.
Милиция кызматкерлери анын мигрант экенин айтып, “сатуучуга каршы арыз жазба” деген көрсөтмө беришкен.
Тажикстандык мигрант райондук прокуратурага арызданган. Ал жерден соттук-медициналык бюрого кайрылуу сунушун беришкен. 5-мартта ал ооруканага барган, ал жерден милиция кызматкерлери кармап, сотко алып жөнөшкөн. Сот аны Орусиядан депортациялоо чечимин чыгарган. Ал төрт жылдан бери Орусияда жашап жатканын, документтеринин баары жайында экенин айткан, бирок эч ким кулак төшөгөн эмес.
Хафизахон Бутаева соттун чечимине каршы доо арыз жазып, Тажикстан элчилигине кайрылган. Ал эки баланын энеси, Щелково шаарында кондитердик цехте эмгектенген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53