KELECHEK
rek

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкер пайгамбар тууралуу пикири үчүн коркутууларга кабылууда

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкер пайгамбар тууралуу пикири үчүн коркутууларга кабылууда

Өзбекстан президентинин алдындагы Маалымат жана байланыш агенттигинин директорунун орун басары Наргиза Рахимова өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан улам эмгек өргүүсүнө чыгарылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар менен анын кесиптештери билдиришти.

35 жаштагы Наргиза Рахимова мусулмандардын көп аял алуусуна байланышкан «Фейсбуктагы» билдирүүнүн алдына пикир жазгандан кийин колдонуучулардын «каарына» кабылган.

8-мартта Hayot Baxtiyor O'gli аттуу колдонуучу өз баракчасына «Бир аялын бага албаган үлжүрөгөн эркектер жана күйөөсүнүн мойнуна минип алган шерменде аялдар гана көп аял алууга каршы болушат», деп жазган.

Буга жооп катар Наргиза Рахимова төмөндөгүдөй пикирин жазган: «Хадича апабыз тирүү кезинде пайгамбарыбыз экинчи аял алган эмес. Билбейм, балким ал кезде ал үлжүрөгөн адам, же Хадича апабыз шерменде болгондур, аны силер жакшы билесиңер».

Көп өтпөй Рахимовага каршы көптөгөн пикирлер жазылып, видеокайрылуулар жарыяланган. Социалдык түйүндөрдө анын өзүнө гана эмес, үй-бүлөсүнө карата да коркутуу сөздөрү айтылган. Колдонуучулардын пикирлеринен улам Наргиза Рахимова социалдык тармактардагы бардык баракчаларын өчүрүп салууга аргасыз болгон.

Укук коргоо органдарындагы булактын айтымында, учурда мамлекеттик кызматкерге каршы зомбулук көрсөтүүгө чакырган пикирлердин авторлорун аныктоо иштери жүрүүдө.

9-март кечинде Azon TV телеканалынын сайтында Наргиза Рахимованын кечирим сурагандыгы тартылган видео жарыяланган.

Өзбекстанда бул окуя боюнча азырынча Дин иштери боюнча комитет гана билдирүү жасады. Анда Наргиза Рахимованын аты-жөнү айтылган эмес, бирок жарандардын диний сезимдерин кемсинтүү үчүн мыйзамда жаза каралганы белгиленген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53