
Мунайчылар алты жылдан бери жумуш ордун калыбына келтирүү аракетинде

Казакстанда мунайчылар алты жылдан бери мурдагы жумуш ордун калыбына келтире албай келет. “Каражанбасмунай” компаниясынын бир нече чөлкөмдөн чогулган 15 жумушчусу Мангистоо облусунун Актоо шаарында чогулушуп, акимден чыр-чатакты чечип берүүнү талап кылышты.
Мурдагы мунай кызматкерлери президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн баракчаларды кармап алышкан. Анда мамлекет башчынын 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуясында айткан “мунайчылардын күнөөсү жок, алардын талабы оорундуу” деген сөзү жазылган.
2011-жылы 17-майда “Каражанбасмунай” ишканасында жумушчулар иш таштап, аны 26-майда “Өзөнмунайгаз” компаниясынын жумушчулары уланткан. Убагында сот миңдеген жумушчу катышкан иш таштоону мыйзамсыз деп тапкан. Алар өкмөт токтому менен бекитилген кошумча акыны төлөп берүүнү талап кылышкан. Ишке чыккан жок деген шылтоо менен “Каражанбасмунай” ишканасы нааразычылык акциясына чыккандарды жумуштан бошоткон.
Эл аралык Human Rights Watch уюму окуяга өз баасын берген эле. Бийлик өкүлдөрү тынч жыйынга тоскоолдук кылып, күч колдонгонун, демилгечилерге саясий айыптар тагылганын билдирген.
Мангистоо облусунун Бузачи жарым аралында мунай өндүргөн “Каражанбасмунай” ишканасына CITIC Group кытай инвестициялык мамлекеттик корпорациясы менен казакстандык «Казмунайгаз» компаниясы ээлик кылат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20