KELECHEK
rek

Судья Эрнис Чоткараев жүздөгөн административдик ишти атайлап жок кылган деп айыпталууда

Судья Эрнис Чоткараев жүздөгөн административдик ишти атайлап жок кылган деп айыпталууда

Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев «жүздөгөн административдик ишти атайлап жок кылган, ири суммадагы акчаны кымырып алган» деп айыпталып жатат.

Башкы прокуратура бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады жана тергөө үчүн материалдарды УКМКга өткөрүп берди.

Башкы көзөмөл орган былтыр күзүндө ошол кездеги Октябрь райондук сотунун төрагасы Эрнис Чоткараевдин кол тийбестигин алуу боюнча Тартип комиссиясына кайрылган. Чоткараевдин качып кеткени тууралуу ошондо эле маалыматтар чыккан.

Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Куватованын«Азаттыкка» билдиргени боюнча, мындан улам мекеме судьяга Жазык кодексинин 320 жана 204-беренелери, тактап айтканда, «Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди кылуу» жана «Аткезчилик» боюнча айып такты.

​«Аталган судья башка сот кызматкерлери менен бирге 2017-2018-жылдардагы административдик иштерди жок кылган, -деди ал. - Ошондой эле ал судья амбулатордук дарыланууда жүргөндө административдик иштерди караган. Андан сырткары, 2015-жылдан 2018-жылдын сентябрына чейин жол эрежесин бузган, автоунааны мас болуп, баңгизат колдонуп, дагы башка жолдор менен кызып алып автоунаа айдаган жарандар төлөгөн 4 миллион 711 миң сом айыппулду алдамчылык жол менен өздөрүнө ыйгарып алган. Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды», — деди Куватова.

Соттогу «Азаттыктын» ишенимдүү булактарынын маалыматына караганда, Эрнис Чоткараев былтыр октябрда дарыланууга кеткен. Бирок ошондон бери жумушка чыга элек. Акыркы жолу Орусиянын Москва шаарынан байланышка чыккан. Октябрь райондук соту Тартип комиссиясына аны кызматтан алуу тууралуу сунуштама жөнөттү.

УКМК болсо Эрнис Чоткараевге издөө жарыяланганын билдире элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...