Өзбекстанда Башкы прокуратура Гүлнара Каримованын өлгөнүн төгүндөдү
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын өлгөнү тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды. Бул тууралуу Kun.uz. интернет-басылмасы башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматына шилтеме жасоо менен билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы «Эч кандай суицид же суицид аракети, киши өлтүрүү болгон эмес. Гүлнара Каримова белгиленген тартип боюнча жазасын өтөп жатат. Бул резонанстуу теманын айланасындагы кезектеги ушак», – деген билдирүү таратты.
Буга чейин социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде маркум Ислам Каримовдун улуу кызы түрмөдөгү кордукка чыдабай, өз жанын кыйганы тууралуу маалымат пайда болгон.
Каримова өткөн жумада үй камагынан кадимки жалпы тартиптеги түрмөгө которулган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, буга анын үй камагындагы жаза өтөө шарттарын бузганы себеп болгон. Сот ага үй камагында отурганда үйүнөн эч жакка чыкпоого, телефон, Интернет сыяктуу байланыш каражаттарын колдонууга тыюу салган.
46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы «Алдамчылык», «Чет элдик валютаны жашыруу», «Бажы мыйзамдарын бузуу», «Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу» деген айыптар менен соттолгон. Ташкент облустук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркинен ажыратылган жана кийин бул өкүм беш жылга кыскартылган.
Каримовага 2015-жылы АКШда, Швецияда, Швейцарияда кылмыш иштери ачылып, «жалпы суммасы бир миллиард долларга жакын каражатты пара түрүндө кымырып алган» деген айып коюлган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04