Түркия АКШны курал-жарак сатып алуу маселесине кийлигишпөөгө чакырды
Түркия тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу НАТО боюнча өнөктөш өлкөлөрдү Анкаранын курал-жарак сатып алуу ишине кийлигишпөөгө чакырды. Күн мурун АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркияны Орусиядан С-400 ракеталык системаларын сатып алганы үчүн сындаган.
Түрк дипломатынын айтымында, жылдар бою кандай гана курал болбосун сатып алууга тоскоолдуктар жаралып келген.
АКШнын Мамлекеттик департаменти эгер Анкара С-400 ракеталарын сатып алуудан баш тартпаса, Вашингтон F-35 аскердик учактарын жеткирүү программасын кайра карай турганын эскерткен.
Түркия Орусиядан С-400 ракеталык комплекстерин сатып алуу боюнча келишимге 2017-жылы кол койгон. Ошол эле маалда былтыр Анкара АКШдан үч жарым миллиард долларга “Патриот” ракеталык комплекстерин сатып алган.
АКШ менен НАТОнун өкүлдөрү Түркия Орусиянын аскер системаларына ээ болсо, Түндүк Атлантикалык Альянстын жашыруун технологиялары Москванын колуна тийип калышы ыктымал деп чочулашат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









