KELECHEK
rek

ЖЭБ: коррупция үчүн айыпталган сегиз кишинин соту белгисиз мөөнөткө жылды

ЖЭБ: коррупция үчүн айыпталган сегиз кишинин соту белгисиз мөөнөткө жылды

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын соттук иши белгисиз мөөнөткө жылды.

Буга адвокаттардын «ЖЭБди модернизациялоодо мамлекет 111 миллион доллар зыян тарткан» деген экспертизанын корутундусу боюнча Бишкек шаардык сотуна даттануусу себеп болгон. Буга чейин Свердлов райондук соту адвокаттардын аталган корутундуну далилдердин катарынан алып салуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес. Бул тууралуу Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев билдирди:

- Качан тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарганда аны менен айыпталуучу тарап, анын жактоочуларын тааныштырыш керек. Айыпталуучу тарап өздөрүнүн суроолорун кошо алат, эксперттик топко ишенбестик көргөзө алат же өзүнүн эксперттерин кошо алат. Тергөөчү экспертиза өтүп, корутунду даяр болгондо тааныштырып жатпайбы.

Свердлов райондук соту бүгүн ишти кароого өтүшү керек болчу.

Буга чейин УКМК тергөө учурунда Сапар Исаков баштаган бир катар кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен мурдатан билип туруп Кытайдын ТВЕА компаниясы менен пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян келтиргени аныкталганын билдирген.

Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана мурдагы финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.

Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды төгүндөп келе жатышат.

Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53